Ош-Баткен-Исфана жолу стратегиялык мааниге ээ
Новость

POST1RIGHTАл коңшу өлкөлөрдүн анкалавдарын айланып, жанынан өтөт. 

Бүгүнкү күндө 360 чакырымга созулган жолдун 153 чакырымында курулуш иштери толук аяктады. 

Калган бөлүгүндө жумуштар уланып жатат. Маанилүү жолдун курулушуна эл аралык каржылык институттар тарабынан 190 миллион доллардан ашык каражат тартылган.

Жакын арада бул жолдун курулушу толук аяктаса, жашоочуларга жолдо жүрүү шарты дагы бир кыйла жакшырат.