Ошто 10 миң доллар пара алган милиция кызматкери кармалды
Новость

Ош облусунун Кара-Суу райондук милициясынын кызматкери алдамчылык фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал тургундан кылмыш ишин оң жагына чечип берүүнү убада кылып, прокурор менен тергөөчүгө берүүнү шылтоо кылып, жалпы 220 миң сом, 5 миң рубль жана 5 500 доллар алган.

20-августта Кара-Суу райондук милициясынын Мады айылындагы бөлүмүндө эртең мененки саптык жыйында милициянын капитаны УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кармалды.

Азыр ал УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.