Бишкекте студенттер 15-сентябрга чейин онлайн окуй турган болду
Новость

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бүгүн кечинде тараткан маалыматка караганда, жаңы окуу жылынын башында - сентябрдын биринен он бешине чейин  Бишкек шаарындагы бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында (медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары) окуу процессин аралыктан (онлайн форматта) жүргүзүү чечими кабыл алынды. 

Мындай чечим 25-августта Министрлер Кабинетинде өткөн кеңешмеде кабыл алынган.

Бул убактылуу чара борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынып, студенттердин, окутуучулардын жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталган.