Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, Наталья Наговицына турган жерде жашоонун белгилери табылган жок.
Маалыматка ылайык, 27-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен заманбап технологияларды колдонуу аркылуу издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү.
Куткаруучулар аны эвакуациялоо үчүн бир нече жолу аракет кылганы менен татаал тоолуу рельефтен жана ыңгайсыз метеорологиялык шарттардан улам майнап чыккан эмес.
Акыркы операцияда тепловизор менен жабдылган дрондор колдонулуп, абадан байкоо жүргүзүлгөндө жашоонун белгилери катталган жок.
Наговицына 1977-жылы туулган. Ал 2025-жылдын 13-июлунда Москва–Бишкек каттамы менен Кыргызстанга келип, 12-августта Жеңиш чокусуна (7439 м) чыгуу учурунда бутун сындырып алган.