Нарын облусу боюнча учурда 28 мектеп менен бала бакчада курулуш жүрүүдө. Алсак 17 мектеп имараты, 1 спорт зал, 10 балдар бакчасы жаңы салынууда.
Облустук усулдук билим берүү борборунан алынган маалыматка таянсак, ушул жылдын 1-сентябрына карата 5 жаңы билим берүү объектиси, 1 капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн билим уясы жана 1 спорт залды пайдаланууга берүү пландалууда.
Алар:
* Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы 150 орундуу Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби,
* Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы 250 орундуу Таш-Дөбө орто мектеби,
* Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы 375 орундуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби,
* Нарын районунун Жер-Көчкү айылындагы 150 орундуу Баймоңол Кыязов атындагы орто мектеби,
* Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы 225 орундуу Муса Байдөлөтов атындагы орто мектеби,
* Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү Төлөк айылындагы спорт зал.
Ал эми Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы Нарын лицей интернаты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.