Кыргызстандык шахмат чебери эл аралык турнирден алтын медалга ээ болду
Новость

Кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын медаль алды. 

Иш-чара Казакстандын Караганда шаарында өтүп, 9-ноябрда жыйынтыкталды. 

Мелдешке Казакстан, Россия, Кыргызстан, Украина жана Тажикстандын спортчулары катышкан. Мекендешибиз жети атаандашын жеңип, бир партияда тең чыгып, жыйынтыгында 7,5 упай менен алтын медалга ээ болду.