"Реалдын" оюнчусу Роналду эң көп акы төлөнгөн футболчуга айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык ал жылына 45 миллион фунт алмакчы. Ошондо 5 жылдын ичинде 225 миллион фунту капчыка салат. Буга чейин эң көп акы төлөнгөн футболчу Месси болгон. Ал жылына 40 миллион фунт иштеп тапкан.
Эске салсак, "Реал" Роналдуну 2009-жылы "Манчестер Юнайтеден" 80 миллион фунтка сатып алган.
Ал "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын, Испания кубогун жана Португалия курамасынын катарында Евро-2016 мелдешинин чемпиону болгон. Мындан тышкар 3 жолу алтын топтун ээси аталган.