Бут кийимден чыккан акча. Тергөөчү кармалды
Новость www

Тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө бут кийимден пара иретинде алынган 100 миң сом табылды. Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында иштеген тергөөчүнү кармады. Ал кылмыш ишин токтото турганын айтып опузалап пара талап кылган. Ал эми Баткенде кылмыш ишин токтотууну өтүнүп УКМКнын кызматкерине 35 миң доллар берип жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды.