Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплексинен 153 жаранга батирлердин ачкычтары тапшырылды. Иш чарага Президент Садыр Жапаров катышты.
“Асман-Резиденс-4” комплекси Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Ал тогуз кабаттуу, 12 турак жай блогунан турат жана жалпы 945 батир бар. Жер астында жана жер үстүндө унаа токтотуучу жай каралган, ошондой эле балдар аянтчасы жана воркаут-зона курулган.
Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын приоритети болуп, аны жигердүү жана ырааттуу ишке ашырууга багытталып жатканын белгиледи.