МИК: 10 жылда уставдык капиталы 10 млн сомдон 87,5 млрд сомго өстү
Новость

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы акыркы 10 жылда 10 млн сомдон 87,5 млрд сомго өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районундагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди. 

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” уставдык капиталы – 2015-жылы 10 млн сомду түзсө, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин өстү.  Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.
Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат”, - деди Мамлекет башчысы.