Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.
“Биз мурда алтындарыбызды сактоо жагынан абдан аксап келдик эле. Шартыбыз өтө начар болчу. Көпчүлүк убакта алтындарыбызды чет өлкөлүк банктарга сактап келгендигибизди баарыңыздар жакшы билесиздер. Мындан ары Улуттук банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай алган, дүйнөлүк талаптарга жооп берген эң чоң кампага ээ болду. Эми биз өзүбүздүн алтынды гана эмес, тескерисинче чет өлкөлүк кардарларга да кызмат көрсөтүп, алтындарын сактап берүүгө кудуретибиз жетет”,- деп билдирди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчы символикалык лентаны кесип, андан соң жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, жыйындар залын, музейди жана башка кызматтык бөлмөлөрдү көрүп чыкты.