Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 70 миллион доллар бөлүнгөн
Новость

Учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу инфраструктуралык иштер өлкө бюджетинин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Экономика министри Таалайбек Ибраев Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 70 миллион доллар бөлүнгөн. Азыркы тапта ГЭС аймагында 113 метр узундуктагы туннель казылып, 110 киловольттук подстанцияга чейинки электр линиясы тартылды. Мындан тышкары, жол курулушу аяктап, жабдык жана тетиктерди жеткирүү үчүн Нарын дарыясынын үстүнөн көпүрө курулууда.

Долбоордун алкагында дагы эки туннель жана 256 метр бийиктиктеги плотина куруу пландалган. Камбар-Ата-1 ГЭСи толук ишке киргенде жылына 6 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүп, 5 миллиард 550 миллион куб метр суу сактайт.

ГЭСти толугу менен бүтүрүү үчүн болжол менен 4,5 миллиард доллар каражат талап кылынат.