Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында
Новость

Ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан) спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын болууда.

76 кг чен бирликте Айпери Медет кызы жарым финалдык беттеште жапониялык Мизуки Нагашима менен кезигип, 3:2 эсебинде жеңди.

Финалда Медет кызы казак спортчусу Элмира Сыздыкова менен жолугат

Буга чейин Билимбек кызы жана Мээрим Жуманазарова жарым финалда жеңилип калышты. Аталган спортчулар коло байге үчүн күрөшөт.