Колбасага чочко эти кошулганбы? Текшерүү жүрүүдө
Новость www

Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматынын башчысы Ашырбай Жусупов Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башчысы менен жолугушууга жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн колбасасынан чочконун эти табылды делген белгилүү компаниянын жетекчилиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар уюштурган маалымат жыйынында белгилүү болду. Ишкананын жетекчилиги, алар өндүргөн продукцияга арам деп эсептелген эч нерсе кошулбай турганын билдирди. Бул окуянын артынан Ветеринардык кызмат базарда сатылган эт азыктарын текшерип чыгаарын айтты.