Мектепке электрондук каттоо башталды
Новость

Мектепке биринчи класска электрондук каттоо башталды. 

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына караганда, электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчиси 10-апрелден 25-июнга чейин, экинчи этап - 26-июндан 31-августка чейин.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. 

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар. 

10-апрелден тарта иш күндөрү, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарандарга кеңеш берүүчү байланыш борбору иштей баштайт.