Бишкекте жүздү тааный турган камералар орнотулууда
Новость

Бишкекте жүздү тааный турган камералар орнотулууда. Учурда бул иштер ордо калаанын Биринчи май районунда жүргүзүлүп жатат. 

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, Эркиндик бульварынын 4 кесилишине, Чүй проспектине, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнө камералар коюлду. Алар күнү- түнү иштейт. Бул видеокөзөмөл шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн гана эмес, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларын да каттайт. 

Жакында ордо калаанын башка райондоруна да орнотулат. Мэрия жалпысынан шаар боюнча мындай камерадан 10 миңди ишке киргизүүнү мерчемдеди.