Германия чемпионатынын оюнчусу Кыргызстан улуттук курамасында дебют жасады
Новость

Германиялык «Изманинг» клубунун жарым коргоочусу Николай Давыдов Кыргызстан курамасы үчүн алгачкы оюнун өткөрдү.

24 жаштагы вингер Индияга каршы оюндун 76-мүнөтүндө көк майданга чыкты. Беттештин аягында Давыдов өз дарбазасына пенальти коюлушуна себепчи болду.

Натыйжада Кыргызстан курамасы Индияга 0:2 эсебинде утулуп калды.

Клубдук карьерасында Давыдов 70 оюнга катышып, 11 голдун автору жана 7 натыйжалуу пастын ээси аталган. Бул сезондо Николай Давыдов 2 оюнда 2 гол киргизди.