Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Новость

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-мартта саат 03:01де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.