«Түндүк» темир жол бажысы 2 автоунаа мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады
Новость

«Түндүк» темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды жана контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Корея Республикасынан келген жүккө карата бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары «О.К.» жана «Ш.Н.» алуучулардын дарегине 4 даана унаа алынып келингени аныкталган, анын ичинен 2 даана 2016 жана 2017-ж. «KIA MORNING», ЕАЭБдин бажы аймагына бажы шарттарында эч кандай товар коштоочу документтери жок алынып келинген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.