Кыргызстан курамасы Гонконг менен жолугат
Новость

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы бүгүн үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнө чемпионатынын алкагында Гонконг менен беттешет.

Турнир ушул күндөрү Босния жана Герцеговинада 6 команданын катышуусунда өтүп жатат.

Төрт раунддун жыйынтыгы менен кыргызстандыктар мүмкүн болгон 12 упайдан 12 упайга ээ болсо, Гонконгдо 9 упай бар.

Жеңүүчү А тайпасына чыгат.