Лицензия албай лотерея ойноткондор аныкталды
Новость

Тиешелүү лицензия албай туруп, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында «Ош сила» аттуу профессионалдык лотерея ойноткондор аныкталды. 

УКМКдан билдиргендей бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Мыйзамсыз ишкердик кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган эки кишиге тиешелүү башкармалык тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендиги, бирок алар белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну улантып келгени ачыкталган. 

Алар лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү "YouTube" каналы аркылуу көрсөтүлгөн. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.