Месси FIFAнын The Best сыйлыгын утту
Новость

“ПСЖ” клубунун жана Аргентина курамасынын футболчусу Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

Бул сыйлыкка “Реалдын” оюнчусу Карин Бензема жана “Пари Сен Жермен” клубунун форварды Килиан Мбаппе дагы талапкер болгон.

Месси Аргентина улуттук курама командасы менен Катарда дүйнө мундиалын жеңип, турнирдин мыкты футболчусу болгон. Финалдык оюнда түштүк америкалыктар Франция курамасын тизе бүктүргөн.

Буга чейин Месси ФИФАнын сыйлыгына 2 ирет татыган (2009 жана 2019-жылы).