Түркиянын элчиси кыргызстандыктарга ыраазы
Новость www

Кыргызстандын айрым айылдарынын жашоочулары жолду оңдоого чогулткан каражатын Түркияга жөнөтүштү. Буга боордош өлкөнүн элчиси Ахмет Садык Доган терең ыраазычылык билдирди. Айтымында, өлкөнүн эң алыскы булуң-бурчтарынан элчиликке келип колдоо көрсөтүп жаткандардын катары үзүлө элек.