Тайырбек Жумашбек уулу рейтингдик турнирдин чемпиону
Новость

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Египетте өткөн Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Ал эркин күрөшү боюнча 61 кг салмакта катышып, финалда украиналык Тарас Марковичтен 9:2 эсебинде алдыга чыгып, турнирдин жеңүүчүсү болду.

Жумашбек уулу мелдештин башында армениялык балбанды 10:0, өзбекстандык спортчуну 7:4, ирандык балбанды 18:6 эсебинде уткан. Дагы бир балбан Бекзат Алмаз уулу ушу эле эл аралык мелдеште коло медалын багындырды.