Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулабы?
Новость www

Ата мекендик компания кабаттуу унаа токтотуучу тутумду курууну сунуштоодо. Муну менен Бишкек шаарындагы тыгын маселеси чечилет экен. Азырынча ишкана жеке компаниялар менен гана кызматташууда. Алар Бишкек шаарынын мэриясына долбоорду тааныштырганы турат.