Президенттин тапшырмасы менен Кара-Кече жылуулук электр борбору (ЖЭБ) курулмакчы. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда билдирди.
Анын айтымында, ЖЭБ курула турган 250 гектар жер аянты бөлүнүп, инфраструктурасын даярдоо иштери башталган.
“Өнүккөн мамлекеттерде ЖЭБдер кендердин жанына курулат. Бул жерде да ошол тажрыйба колдонулууда. Ишке кирсе, миңден ашуун адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот”, — деди Маматов.
Ал кошумчалагандай, учурда долбоорго инвесторлорду тартуу иштери жүрүүдө.
“30 жылдан бери көмүрдү казып келген айрым жеке компаниялар кенди туура эмес пайдаланган. Азыр биз бул тармакты тартипке келтирип жатабыз. Жаңы Кара-Кече ЖЭБин үч жылдын ичинде куруп бүтүрүү пландалууда”, — деп белгиледи ишкананын жетекчиси.