Денис Петрашов АКШдагы мелдеште рекорд койду
Новость

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Атлантика конференциясы чемпионатында биринчи орунду камсыздап, турнирде рекорд жаратты. 

Бул тууралуу өлкөнүн Сууда сүзүү федерациясы маалымдады. 

Спортчу 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзгөн. 

"Бул — Денисти Америка континентинин эле эмес планета мыктыларынын катарына чыгарган жетишкендик", — деп айтылат билдирүүдө. 

Буга чейин Петрашов 1:51:89 мүнөттө 200 ярд же дээрлик 183 метр сүзүп, экинчи орунга ээ болгон. Турнир Атлантада өтүп жатат.