Үч адамдын өлүмүнө шектелген киши эки айга камалды
Новость www

Бишкектеги үч адамдын өлүмүнө шектелген жаран эки айга камалды. 

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, ал 16-апрелге чейин 1-тергөө абагында болот. Эскерте кетсек,16-февраль түнү Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган кишини кармашкан.