Акжол UWW уюмунун тизмесинде биринчи орунга жайгашты
Новость

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов 77 кг салмак категориясында UWW рейтингинде 1-орунга көтөрүлдү.

Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун расмий сайты кабарлады.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Сербиянын Белград шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов алтын медаль тагынган.