Эркин Адылбек уулу Венгрияда өткөн мелдештин жеңүүчүсү болду
Новость

Кыргызстандык боксчу Эркин Адылбек уулу Венгриядагы эл аралык турнирдин чемпиону аталды.

67th Bocskai Memorial Tournament 6-12-февраль аралыгында Дебреценде өттү.

Адылбек уулу турнирге 86 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, турнирдик жолун жарым финалдан баштаган. Кыргызстандык мушкер биринчи беттеште украиналык Богдан Толмачовду кыл чайнашкан күрөштө 3:2 эсебинде жеңген.

Финалда Адылбек уулу бельгиялык Идрис Леганессти 4:1 эсебинде  утуп, алтын медалдын ээси болду.