Кыргызстан жана Түштүк Корея жолдоштук беттештерин өткөрүшү мүмкүн
Новость

Кыргызстан менен Кореянын күрөш федерациялары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

КРнын Күрөш федерациясынан билдиришкендей, документке кол коюу 8-февралда Бишкекте өттү.

«Келишим 2023-2026-жылдары биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын жана жолдоштук беттештерди уюштуруу аркылуу Кыргызстан менен Түштүк Кореянын федерацияларынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого багытталган», - деп жазат ал.