Борбор калаада скейтпарк ачылды
Новость KTRK/videograp

Бишкекте скейтпарк ачылды. Аталган парк роллер, скейтерлер жана башка көптөгөн экстремалдуу спорт түрлөрүнө ылайыкталган. 

Скейтпарк спорт ордосунун пайдаланылбай калган бассейнинин ордуна курулуп, бул жер спорт ордосунун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнүп берилген. Долбоор демилгелүү жаштардын күчү менен ишке ашты. 

Долбоордун үстүнөн кыргызстандык скейтерлер Орусия жана Голландиялык скейтерлер менен бирге иштешкен. Долбоордун авторлору Вадим Шкиль жана Алексей Рябченко. Алдыда, скейтпаркты эл аралык деңгээлге жеткирип, кошуна өлкөлөрдүн роллерлерин чакырууну пландап жатышат.