Футзал боюнча БА чемпионаты: Кыргызстандын кыздар курамасы Ташкентке келди
Новость www

Кырызстандын кыздар курама командасы футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты катышуу үчүн Өзбекстандын Ташкент шаарына келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 25-31-январь аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы:

Оюнчулар: Айтурган Аскарова, Толгонай Алмазбекова, Айжан Боронбекова, Диана Канатбекова, Сезим Кубанычбекова, Назик Күмүшбек кызы, Айтурган Курманбекова, Айдана Оторбаева, Нурсулуу Мурзакулова, Бахира Токтогул кызы, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Сезимай Бейшембекова.

Дарбазачылар: Наталия Гайворонская, Айканыш Тентимишева Курама алгачкы оюнун эртең, 27-январда Ирандын курамасы менен өткөрөт.