Давид Могилевский Азия чемпионатынын тандоо турунда жеңүүчү болду
Новость

Кыргызстандык спортчу Давид Могилевский Бахрейнде өткөн теннис боюнча Азия чемпионатынын тандоо турунун жеңүүчүсү болду.

12-январда 14 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионатынын биринчи квалификациялык турнири жыйынтыкталды. Могилевский финалдык бөлүктө  өзбекстандык атаандашы менен кез келип, кыл чайнашкан таймашта 2:1 эсебинде жеңип алды (0:6, 6:3, 6:2).


Ал эми кыздар арасында кыргызстандык спортчулар Ева Гавшина менен Камила Арипова 3-орун үчүн беттешип, Арипова коло байгенин ээси болду.  Ошондой эле, аталган спортчулар жуптук жарыштын финалына чейин барып, күмүш медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчулар 14-январда тандоо турниринин 2-туруна катышат. Жыйынтыгында эки турнирде топтолгон упайлардын суммасы боюнча Азия чемпионатына жолдомо берилет.