Волейбол боюнча кыргызстан курамасы коло медалдан куру калды
Новость

Кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстан курама командасы  Азия чемпионатынын Борбордук аймагынын командалары арасында 4-орунду ээледи.

Турнир Бангладеште өттү.

Кыргызстан улуттук курамасында Жантемир Жээнбек уулу жана Нурислам Медетбек уулу ойноп жатат. 28-декабрда кыргызстандыктар Бангладеш курамасын 2:1 эсебинде жеңип, ал эми 29-декабрда Бутанды тизе бүктүрүп, жарым финалга жолдомо алган.

Бирок финал үчүн болгон таймашта Непал курамасына 0:2 эсебинде утулуп калды. Ал эми коло медаль байге үчүн болгон жарышта Кыргызстан курамасы үй ээлери Бангладешке тизе бүктү. Ошентип кыргызстандыктар 4-орунга жайгашты.