Мирлан Мурзаев карьерасын Индия чемпионатында улантат
Новость

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев карьерасын Индия чемпионатында улантат.

Бул трансфер туурасында Индия чемпионатыныны 1-лигасында ойногон «Мохаммедан» командасы жарыялады.

2021/22-жылы Мурзаев Индия Супер лигасынын «Ченнай» командасы үчүн ойноп, 19 оюнда 2 гол киргизген.

Ошондой эле 32 жаштагы форвард кыргызстандык «Алга» (11 оюн, 2 гол) жана Өзбекстан чемпионатынын лидери «Навбохордун» курамында да оюн жүргүзгөн (3 оюн, гол жок).

Белгилей кетсек, Индия чемпионатынын биринчи лигасында Айдар Мамбеталиев менен Бектур Амангелдиев Rajastan United клубунда ойношот.