Кыргызстан курамасы Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун алкагында медалдык эсептер боюнча алдыга чыкты. Белгилей кетсек, мелдештердин төрт күнү артта калды. Кыргызстан кечээ мурунку күндөргө караганда көбүрөөк алтын медалга ээ болду.
Бул көбүнесе кыргыз күрөшү боюнча мелдешке чыккан балбандардын жетишкендиктери болду. Маалыматка ылайык, эми кыргыз курамасы медалдардын жалпы саны боюнча гана эмес, жогорку даражадагы медалдардын көлөмү боюнча да алдыга чыкты.
Кыргызстандын куржунунда азыр 13 алтын, 12 күмүш жана 13 коло медаль бар. Экинчи орунда Орусия, ал эми үчүнчүдө Казакстан келе жатат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118