Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдештердин жыйынтыгы боюнча, медалдык эсепте Кыргызстан курамасы экинчи орунга чыкты. Башкы сапта Россия жайгашып 10 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль утушту.
Ал эми Кыргызстан курамасы 6 алтын, 12 күмүш жана 15 коло медалды капчыктарына салды.
3-орунга Казакстан командасы чыгып, 5 алтын, 3 күмүш жана 6 колону эсептерине жазды.
Жалпы медаль алган өлкөлөрдүн саны 18ге жетти. Ал эми учурда 62 мамлекеттин спортчулары күч сынашууда.
Кыргыз күрөшү аяктаган соң, медалдык эсепте өзгөрүүлөр болот. Учурда кыргыз күрөшүнөн 7 алтын, 7 күмүш жана 14 коло медаль ойнотулууда.