Баш калаадагы борбордук "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин Кубогуна арналган мелдеш башталды.
Федерациядан билдиришкендей, 12 команда 4 тайпага бөлүнүштү. 25-27-август күндөрү тайпалык мелдештер орун алат. Ал эми 29-августа жарым финал, 31-августа финалдык таймаш орун алат. Мелдештин биринчи күнүндө "Талас" курамасы "Төш булакты" 20:4, "Бөрүлүү" "Ыссык-Атаны" 5:0гө утту.
Эске салсак, президенттин Кубогун өткөн жалы "Талас" курамасы уткан. Баш байге үчүн беттеште "Сары-Өзөндү" жеңип алган.
Бул мелдеште Көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрүчүлөр ойнобойт.
1-турдун жадыбалы, 25-август:
"Талас" 20- 4 "Төш булак"
"Бөрүлүү"5 - 0 "Ыссык-Ата"
"Достук" - "Ак суу"
"Сары-Өзөн" - "Илбирс" (Кемин)