Футбол боюнча Кыргызстан курамасынын оюнчусу Виктор Майер Голландия чемпионатында алгачкы беттешин өткөрдү.
23-августа мелдештин 4-турунда 1-дивизиондогу "Эммен" клубу өз талаасында "Алмерени" кабыл алды.
Майер ойногон "Эммен" командасы атаандашын 2:0 эсебинде утуп алды. Мелдеш жадыбалында "Эммен" командасы 7 упайы менен 8-орунда турат.
Аталган клубтун курамында Виктор Майер 27-августа "Волендамага" каршы ойнойт.