Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бразилиялык Джойс Соуза де Силваны утуп, 1/4 финалга жолдомо алды. Мекендешибиз 58 кг салмагында кармашка түштү.
Мелдештин биринчи бөлүгүндө Тыныбекова атаандашына үстөмдүк кылып таймаш 2:0 эсебинде аяктады.
Ал эми экинчи үч мүнөттүктө Джойс Соуза де Силва 8 упай алууга жетишти. Бирок Айсулуу Тыныбекова кармагына 9 упай топтоп жеңишке жетишти. Жалпы эсеп 8:11 болуп аяктады.
Эми Тыныбекованын кийинки атаандашы финляндиялык спортчу Петра Маарит Олли болмокчу.