Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында спартакиада өтүүдө
Новость

Бүгүн ачылыш аземи болуп, мелдеш футболдук турнир менен башталды. Спорттук жарыш футбол, сууда сүзүү, теннис жана башка спорттун түрлөрүн камтыйт. 

Мелдешке ордо калаадагы төрт райондун мыкты делген өспүрүм спортчулары катышып жатат. Буга чейин ар бир район ичинде өспүрүмдөр ич ара таймашып мыктылары суурулуп чыгып, шаар аралык таймашка жолдомо алышкан. 

Спартакиадага 100 ашык өспүрүм катышып жатат. Жалпы мелдеш бир жумадан соң аяктап, жеңүүчүлөр аныкталып, аларга сыйлык, байгелер ыйгарылмакчы.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118