Август айында Рио-де-Жанейродо өтө турган олимпиада оюндарына баруучу кыргызстандык делегацияга аккредитациялык билеттер тапшырылды.
Эреже боюнча мындай уруксат кагазы жок олимпиада мелдеши жүрүп жаткан аймакка кирүүгө тыюу салынат. Дүйнөлүк мелдешке 19 спортчу, алардын жеке машыктыруучулары жана башка дагы өкүлдөр барат.
Буга чейин спортчулар олимпиадалык оюндарга машыктыруучусу жок барып келген. Эскерте кетсек, оюндар 5-21-августта Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Анда спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат.
Иш-чарада өлкө намысын коргогону аттанып жаткан спортчуларга ийгилик, калоо-тилектер айтылды. Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримов мекенине олжолуу кайткан, медаль алган спортчуларга мамлекет тарабынан каралган сыйлыктардан тышкары автомашина жана машыктыруучуларга батир берилээрин билдирди.