Алмазбек Атамбаев Риого баруучу спортчуларга ийгилик каалады
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан баруучу спортчуларды кабыл алды. POST1RIGHT  

Өлкө башчысы аларга ийгилик каалап, эл аралык мелдеште өлкө атынан татыктуу мелдеш көрсөтүүгө чакырды. Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын капитаны Арсен Эралиевге өлкөнүн туусун тапшырды. 

Рио-де-Жанейродо өтүүчү быйылкы Олимп оюндары 5-августтан 21-августка чейин болот. Ага Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118