Көчмөндөр оюндарында 99 медаль ойнолот
Новость

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпысынан 23 спорттун түрү боюнча 99 комплект медаль тапшырылат. Бул тууралуу спорт оюндарынын Улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан билдирди. 

Көчмөндөр оюну Ысык-Көл облусунда 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин болот. Оюндун жүрүшүндө сыйлыктын көбү алыш жана таяк тартыш оюндарынын жеңүүчүлөрүнө ыйгарлымакчы. Эске сала кетсек, 2014-жылы болгон алгачкы дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдар 9 спорттун түрү боюнча гана ыйгарылган.