III Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну Түркияда өтөт
Новость KTRK/videograp

III Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну 2018-жылы Түркияда өтөт. Бул тууралуу түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысы Рамиль Гасанов 7-июнда Чолпон-Атада өткөн кеңештин туризм министрлеринин үчүнчү жыйынында билдирди.POST1RIGHT

Ал 2015-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Астанада өткөн саммитинде, Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстанда, ал эми үчүнчүсү эки жылдан кийин Түркияда өтсүн деген келишимге кол коюлуп, кабыл алышканын эске салды. 

Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөн. Экинчи оюндар ушул жылдын 3-8-сентябрында болот. Рамиль Гасанов оюнду жарнамалоо бул аймактарда гана эмес, Жапония, Латын Америкасы жана Улуу Британияда да жүрүп жатканын маалымдады. Иш-чарага 5 миңдей спортчу жана 10 миңден ашык күйөрмандар катышары күтүлүүдө.