Майдын 26-29-чейинки күндөрү Италиянын Милан шаарында “Достук үчүн футбол” аталышындагы социалдык программасы өтөт. Бул долбоор 4 жылдан бери 32 мамлекеттин катышуусунда өтүп келет.
Бул иш-чаранынын алкагында Мин-Кыял" ФМ радиосунда “Дордой” футбол командасынун өкүлдөрү мейманда. Алар: «Дордой» футбол клубунун вице президентинин жардамчысы Молдоканов Абай Муратович, «Дордой» футбол клубунун жаш оюнчуларынын менеджери Аманбеков Мерхан Аманбекович жана «Дордой 2003» жаш футболчу (дарбазачы) Уланов Иман Уланович.
Эртен, 8 жаш футболистер, машыктыруучу, клубдун жетекчиси, 3 жуналист турган делегация Миланды көздөй сапар алат. Жаш спортчулар “Көчө футболу”мелдешине катышып, Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши Реал-Мадрид жана Атлетико-Мадрид командаларынын оюнуна күбө болушат. "Миң кыял" фм радиосу ак жол каалайт.