Валентина Шевченко эми видео оюндун каарманы
Новость

Кыргызстандык Валентина Шевченко эми белгилүү EA Sports UFC 2 видео оюндун каарманына айланды. Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына жазып чыкты. 

Кармашуунун бир нече түрүндө дүйнөнүн 16 жолку чемпиондугун алууга жетишкен Шевченко 1988-жылы борборубуз Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.