КТРК: кызматкерлер үчүн түрк тилинде акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү
Новость ktrk.kg

Бүгүн, КТРКнын кызматкерлери үчүн түрк тилинен акысыз окутуу курстары башталды. Аталган курска түрк тилинде үйрөнүүнү каалаган бардык кызматкерлер катыша алышат. 

Замандын талабына ылайык, корпорациянын кызматкерлери үчүн кошумча чет тилдерин үйрөнүүнүн зарыл жана маанилүү экендигин эске алган башкы директор Илим Карыпбеков, жеңилдетилген жана акысыз шартта чет тилдерин окутуу курстарын киргизүүнү колго алган. 

POST1RIGHT POST2LEFT


Эске салсак, буга чейин англис тилин атайын түзүлгөн программанын негизинде окутууга ачылган курс дагы жеңилдетилген шартта уюштурулган. 

Ал эми, бүгүндөн тартып Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ортосундагы кызматташтыктын негизинде түрк тили окутула башталды. Түрк тилин Түркиядан келип, аталган университетте эмгектенген мугалимдер үйрөтүшөт.