24-апрелде баш калаадагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын бодибилдинг боюнча ачык чемпионаты болуп өттү. Бул мелдеш Бодибилдинг федерациясы тарабынан уюштурулду. Спорттук иш-чарада бодибилдинг, фитнес, бодифитнес, фитнес бикини, менс-физик боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында таймаш өтүп, турнирдин жөңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.
Таймашка белгилүү спортчулар Деннис Вольф жана Марек Олейничак келди. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Белгилей кетсек, атактуу спортчу Деннис Вольф Кыргызстандын Токмок шаарында төрөлүп, 90-жылдары Германияга көчүп кеткен. Ал "Мистер Олимпия", "Арнольд Классик Европа" жана башка көрүнүктүү титулдардын ээси экенин кошумчалай кетели.